Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстанда И.Раззаковдун 100 жылдыгы белгиленет


Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун 100 жылдыгынын урматына өлкө боюнча илимий жыйындар, талкуулар, маданий иш-чаралар уюштурулуп, залкар инсанга мемориалдык эстелик коюлуп, анын өмүр жолу жөнүндө тасма тартылат.

И.Раззаковдун мааракесин утурлап Баткен облусунда бир катар жайлар курулуп, Лейлек район борборунда “Раззаков аллеясы” ачылды.
Ноябрь айында Кыргыз Эл жазуучусу Сооронбай Жусуевдин “Раззаков” деген аталыштагы китебинин бет ачары өтөт. Ошондой эле кыргыздын чыгаан уулунун урматына “И.Раззаковго 100 жыл” деген жазуусу бар юбилейлик тыйындар чыгарылат. И.Раззаковдун музейинин имараты да оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Өлкө боюнча И.Раззаковдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү милдети президенттин администрация жетекчиси Э.Каптагаев башында турган комиссияга тапшырылган.

XS
SM
MD
LG