Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

Орусиянын эки борборундагы митингдер камоолор менен аяктады


Москванын Триумфаль аянтында шаардык бийлик биринчи ирет уруксат берген митингке, орус маалымат агенттиктеринин кабарына караганда 800дөй, “Ассошейтед пресс” агенттигинин эсебинде 2000дей адам жыйналды. Москва милициясынын билдиргенине караганда, бул жердеги демонстрациянын 27 катышуучусу кармалды. Алардын көпчүлүгү жол тосууга аракеттенген. Ал эми Санкт- Петербургда уруксат берилбеген митингке 300дөй адам чогулган. Бирок бул шаардын милициясы эки башка демонсрацияга 200дөй адам келгенин, алардын 113ү кармалгандыгын билдирди. Орусиянын оппозиция өкүлдөрү менен адам укугун коргоочулары өлкө Баш мыйзамынын жыйналуу эркиндигин кепилдеген 31 –беренесин коргоо үчүн ар айдын аягында нааразылык акциясын өткөрүүгө аракеттенип келүүдө. Москвадагы митингде премьер-министр Владимир Путинди кызматтан чегинүүгө үндөгөн чакырыктар айтылды.

XS
SM
MD
LG