Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Йеменде бомба жөнөткөндөр изделүүдө


Эки башка учак менен жөнөтүлгөн жана бомба салынган баштыктардын бири ушул жума күнү Британиянын, экинчиси Бириккен Араб Эмираттарынын атайын кызматтары тарабынан табылган. Бул окуяга байланыштуу Йемендин коопсуздук кызматтары 22 жаштагы студент кызды жана анын энесин кармап, суракка алган соң тергөөчүлөр менен кызматташууга милдеттендирип, кайра бошоткону кабарланды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, учурда жүктү жөнөтүүдө жалган документтерди колдонгон деп болжолдонгон адамдар изделип жатат. Кутумду уюштургандардын артында “ал-Каида” террордук уюму турган деп шектелүүдө. Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, баштыкка катылган бомбалар Кошмо Штаттарга жөнөтүлгөн, абдан татаал жана чеберчилик менен жасалган. Бомба катылган баштыктардын бирин орто жолдон тапкан Британиянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ал учактын ичинен жарыла турган болуп эсептелген.

XS
SM
MD
LG