Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Орус президенти бүгүн Куриль аралдарына барды


Муну менен Дмитрий Медведев Орусиянын Жапония менен талашка түшүп келе жаткан Куриль аралдарына барган алгачкы лидери болду. Медведевдин Кунашир аралындагы бүгүнкү визити ал ушул айдын орто ченинде Жапонияга, АПЕК ( Азия –Тынч океан кызматташтык) уюмунун саммитине барар алдына туш келүүдө. Мурдагы СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунан ээлеп алган. Ушул окуядан улам Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол койо албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Жапон өкмөт башчысы Наото Кан орус президентинин бүгүнкү сапарын “өтө өкүндүргөн” кадам катары баалады.

XS
SM
MD
LG