Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Бишкектин четиндеги айлампа жол тосулду


"Дордой" базарынын жанындагы чоң жолду “Ак_Жар” жаңы конушунун тургундары жаап салышты. Алар жаңы конушту иче турган суу, электр кубаты менен камсыздоо талабын коюшууда. Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, жол тосуп тургандардын саны жүз чамалуу, алар автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн өрттөштү. Жол тоскондор алар менен сүйлөшүү үчүн барган Аламүдүн районунун акими менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Жол тосулган аймакта Аламүдүн РИИБнүн кызматкерлери кырдаалга көз салып турушат.

"Ак-Жар" жаңы конушу 2005-жылы өз алдынча жер басып алгандардын жерлерин мыйзамдаштырып берүүдөн кийин түзүлгөн. Жашоочулардын айтуусунда конушта 3,5 миңге жакын турак-жай бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG