Күрттөрдүн Жумушчу партиясы - ПKKнын козголоңчулары Стамбулдагы жардырууга тиешеси жоктугун ырасташууда. Кечээ Таксим аянтында болгон терракттан 32 киши, көбү полициячылар жараат алган. ПКК ошондой эле эмки жайда өтүүчү парламенттик шайлоого чейин бир тараптуу түрдө ок атышпоону узартуу чечимин кабыл алганын билдирди. Анын мөөнөтү кечээ соңуна чыкккан. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган эмес. Бирок Түркия бийлиги ПККны башкы шектүүлөр тизмесине киргизген. Анкара уюмду террордук топ деп эсептейт.