Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

Бразилиянын жаңы президенти аялдардын ролун көтөрөт

Бразилиянын президенти болуп шайланган 62 жаштагы Дилма Руссеф кечээки добуш берүүдөн кийин колдоочуларына кайрылып, аялдардын коомдогу ролун жогорулатуунун үстүнөн иштөөгө убада кылды:

- Аял кишинин президенттикке шайланышы келечекте кадыресе көрүнүш катары кабыл алынышы үчүн, мындай окуялардын фирма-компанияларда, мамлекеттик мекемелерде, парламент, жергиликтүү кеңештерде кайталанышы үчүн Бразилиядагы аялдардын кадыр-баркын көтөрүүгө аракет көрөм.

Руссефти президент Луис Инасио да Силва колдоп келген. Ал буга чейин энергетика министри, президент администрациясынын жетекчиси болуп иштеген. Жаңы президент кызматына 1-январда киришет.
XS
SM
MD
LG