Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Ооганстан: Паранжаны униформа алмаштырабы?


Ооган улуттук армиясынын аял-офицерлери даярдоо курсу аяктагандагы жыйында. Сентябрь, 2010
Ооган улуттук армиясынын аял-офицерлери даярдоо курсу аяктагандагы жыйында. Сентябрь, 2010

Ооганстандын Коргоо министрлиги кыз-келиндерди армияда кызмат кылууга үндөдү. Азырынча ооган армиясында бир миңдей аял бар. Аларга бир нече күн мурун атайын аскердик даярдыктан өткөн 30 кыз кошулду. Эскичил көз караштагы ооган коому паранжасын чечип, аскер кийимине өткөн кыздарга кандай карайт?

Хатул Мухаммадзай Ооганстанда 500 жолу парашюттан секирген жалгыз аскер-аял катары белгилүү. Азыр эми өлкөдө эң жогорку аскерий кызматка жеткен жалгыз аял-генерал Мухаммадзай элди тынчтыкка чакырган адам катары эсте калууну самайт.

1980-жылдардагы согушта ал Орусия тарапта болгон. Кийин талиптер 2001-жылы бийликтен кулатылгандан кийин кайра ооган армиясына кошула алды.

Аялга армияда да иш көп

Бүгүн эми Мухаммадзай Ооганстанда армияга кызмат кылам деген кыз-келиндер үчүн өзүнчө бир чоң фигурага, жол көрсөтүүчүгө, тажрыйба бөлүшчү, дем-шык берчү адамга айланды.

Өкмөт өз армиясын бекемдегенге аракет кылууда. Бул аракеттеринде аялдар өзгөчө ролду ойной алышмак. Ошол эле маалда терең консервативдүү ооган коомунда аялдарды адатта эркектер аткарчу ишке жөнөтүү бери турсун, үйдөн ары чыгарууга да тыйуу салынып келген.

Бирок генерал Мухаммадзай үчүн бул суроо маселе да эмес.

“Өз өлкөбүзгө кызмат кылып, аны коргоо – ар бирибиздин милдетибиз. Эмне үчүн буга ооган аялдары да тартылбашы керек?, - дейт Мухаммадзай. - Чет мамлекеттерден келген коалициялык аскер күчтөрүнүн катарында канчалаган аялдар жүрүшөт жана биздин элди коргоп жатышат. Биз үчүн Ооганстан - өз үйүбүз, мекенибиз. Анан эмне үчүн биз өз өлкөбүз үчүн кызмат кылбашыбыз керек?”

Ооганстандагы башкы аял-аскерге азыр деле колуна мылтык кармап, паранжанын оордуна униформа кийген аялдарды такыр элестете албаган адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Бирок армияга кошулам деген кыздардын саны бул өлкөдө өсүп баратканы чын. Убагында бир да аял жок армияда азыр кеминде бир миң кыз-келин кызмат өтөйт. Аларга жакында Кабулда алты айлык атайын даярдыктан өткөн дагы 30 кыз кошулду.

Алар согушта колдонулуп жүргөн куралдардан атканды, аскерий унааларды айдаганды үйрөнүштү. Булардын көбү баары бир согуш кызуу жүрүп жаткан аймактарга жөнөтүлбөйт. Негизинен административдик иштерде, материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жагына жайгаштырылат дешти.

Жамиля Мужахид - ооган аялдарынын проблемаларын көптөн бери изилдеп келаткан журналисттерден: “Аял-офицерлер болбосо чечилиши кыйын болгон же мүмкүн болбогон маселелер бар. Маселен, жеке менчик үйлөрдү, көчөлөрдө, жолдордо адамдарды текшерүүдө аялдардын жардамы жакшы болмок. Азырынча бул ишти эркектер аткарышат. Бирок биздин салтта аял кишинин денесин же баштыгын эркектер текшере алышпайт. Ошон үчүн аялдардын армияда болушунун пайдасы көп”.

Салттар кагылышы

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Азими эми аскер-аялдарды даярдаш үчүн академияны айыл-кыштактарда ачууну пландап жатышканын айтты. Бирок ал үчүн ошол элет жерлеринде армияга барууну каалаган кыздардын саны жетиштүү болушу зарыл. Эскичил көз-караштагы ооган коомунда, өзгөчө элет жеринде, бул түйшүктүү болоору анык.

Азырынча аскерий академияны бүткөндөрдүн көбү, Ханифадай эле, Кабулдан болушат. Анын айтымында, азыр көптөгөн кыздар армияга барууну каалаган күндө да, үй-бүлөлөрү уруксат бербей коюшу мүмкүн. Азыр башына жоолук салынып, аскердик униформа кийип алган Ханифа үчүн да үй-бүлөсүнүн макулдугун алыш оңой болбоптур.

“Менин мындай кадамга барышымдын айынан үй-бүлөм менен толтура проблемалар болду. Бирок мен алар көндүрдүм, - дейт Ханимфа. - Акыр аягында алар мени колдошту”.

Маянанын мааниси

Ооганстанда армияга аялдар ар кандай максатта келишет. Кимдир бирөөнүн жакын туугандары армияда болушу мүмкүн. Кимдир бирөөнү аскерий форма кызыктырат. Дагы бирөөлөрүн акча кызыктырат. Ооганстанда ар кайсыл өкмөттүк агенттиктерде аялдардын орточо айлык акысы 100 доллардын тегерегинде. Ал эми аскер кызматында алар айына, жок эле дегенде, 350 доллар алышат.

Түндүктөгү Кундуз вилоятынын коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы башчысы, генерал Абдулхади Аймактын айтымында, акча аялдарды армияга тартуунун эң натыйжалуу жолдорунан болмок.

Бирок тоскоолдуктар дале көп жана алар коомдун эскичил көзкараштары менен гана чектелбейт. Быйыл, маселен, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу, талиптердин чабуулдарынан өлгөн полисмендердин, аскерлердин саны жогору болду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG