Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

“Мекен шейиттери” шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт


“Мекен шейиттери” кыймылынын лидери Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, БШК түшкөн арыздар боюнча фактыларды караган жок. Шайлоонун жыйынтыгы ошол мыйзам бузуу фактыларына жараша чыгарылыш керек болчу. Буга байланыштуу “Мекен шейиттери” кыймылы ал арыз, фактыларды кайра карап чыгуу үчүн Жогорку Сотко кайрылганы жатышат. Алар мындан тышкары БШК өз милдеттерин так аткарбай, саясий чечим чыгарып койгондугун ырастап, бул боюнча Башкы прокуратурага да кайрыларын билдирүүдө.

БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыкка” шайлоонун жыйынтыгы “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланып, юридикалык күчкө киргендигин билдирди. Мыйзамга ылайык, эгер кайсы бир партия бул чечимге нааразы болуп, аны 3 күндүн ичинде сотко бере турган болсо, анда БШК сот чечим чыгармайын депутаттарга мандат берүүнү токтото турат. (AzK)

XS
SM
MD
LG