Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Кыргызстандын спортчулары 16-Азия оюндарына барат


Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кытайдын Гуанжоу шаарында боло турган 16-Азия оюндарына Кыргызстандан 220 киши, анын ичинде 145 спортчу барганы жатат. Алардын даядыгы үчүн өкмөт 15-16 миллион сом каражат бөлгөн. Спорчулар быйыл 10 медаль, анын ичинде эки алтын медалга жетүүгө үмүттөнүп жатышат. Ушул тапта өкмөттөн спортчулар кайтып келгенде 1-орун үчүн 25 миң доллар, 2-орунга 10 миң доллар, 3-орунга 5 миң доллар сыйлык берүү суралып жатат. Азия оюндары Кытайда 12-ноябрда башталат. Ага Азиянын 46 мамлекети 50гө жакын спорттун түрү боюнча катышат. Кыргызстандыктар спорттун 24 түрү боюнча катышат. 8-ноябрда алар президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болуп, 10-ноябрда Кытайга учуп кетишет.

2006-жылы Дохада болгон 15-Азия оюндарында кыргызстандыктар 8 медаль алып келишкен. Алардын экөө күмүш, калганы коло медаль болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG