Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Коомдук парламент шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко кайрылды


Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулунун “Азатыкка” билдиришинче, алар бүгүн Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Анын айтымында, БШКнын чыгарган чечими Шайлоо кодексинин негизинде кабыл алынды. Бирок бул чечим жаңы Конституциянын 70-беренесине каршы келет. Анда парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутатарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. “Бизде конституциялык мыйзам жок. Ошол себептен бул шайлоо легитимсиз. Эгер Кыргызстанда көз карандысыз сот бийлиги болсо, сот бийлиги Кыргызстандын келечеги үчүн чындап ойлонсо, анда биздин арыз канааттандырылат”, - дейт Касымбек Райымкул уулу. Ал эгер Биринчи май райондук соту акыйкат чечим чыгарбаса Жогорку Сотко кайрыларын кошумчалады.

Коомдук парламент 2007-жылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин негизделип, курамына саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кирген. 7-апрель окуяларынан кийин коомдук парламенттин бир катар мүчөлөрү Убактылуу өкмөткө жана партиялык жумуштарга кеткендигине байланыштуу анын иши токтоп калган. Азыр кайрадан куралган коомдук парламенттин курамы 50 кишиден турат.(AzK)

XS
SM
MD
LG