Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Парламенттин алгачкы жыйыны тууралуу түшүндүрмө жасалды


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы парламенттин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда Жогорку Кеңеш ырасмий жыйынтыктар чыккандан кийин 15 күн аралыгында биринчи жыйынга чогулуусу керектиги, алгачкы жыйын Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды каттаган соң болорун, ал эми депутаттарды каттоо ырасмий жыйынтыктар чыккандан кийин үч күн аралыгында бүтүшү керектиги айтылат.

Баш мыйзамга ылайык, парламенттин алгачкы жыйынын депутаттардын эң аксакалы ачып, төрага шайланганга чейин жыйынды алып барат. Депутаттар алгачкы жыйында Жогорку Кеңеш алдында, эл алдында ант беришет. Ант бергенден кийин гана депутаттын ыйгарым укуктары иштей баштады деп саналат. Ушул тапта парламенттин биринчи жыйынын өткөрүү боюнча даярдыктар өтүүдө. Мындан ары парламент мурдагы өкмөт үйүндө ишин алып барат. Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңеш менен биргеликте президент да жайгашат. Ал эми мурдагы Жогорку Кеңештин имаратында өкмөт жайгашмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG