Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

Тажикстанда оппозициячыл партия көз карандысыз гезиттерди басуудан баш тартты


“Азаттык” радиосунун Тажик кызматынын маалыматына караганда, оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири алардын басмаканасы көз карандысыз гезиттерди басуудан баш тартып жатуусун өкмөттүн кысымы менен байланыштырды. Кабиринин айтымында, азыр тажик өкмөтү Рашт өрөөнүндө согушкерлер өкмөттүк күчтөргө жакында жасаган кол салууну Ислам кайра жаралуу партиясы менен байланыштырууга аракеттенип жатат. Кабири бул тууралуу кечээ АКШнын Тажикстандагы элчиси менен жолугушуу учурунда билдирген. Мунун алдында өткөн аптада АКШ, Британия, Германия, Франциянын элчилери тажик Тышкы иштер министрлигине басма сөз эркиндигинин абалы боюнча камтамачылыгын кабарлашкан эле. Алар соңку кездери басыла албай жаткан жана үстүнөн кылмыш иши козголгон гезиттерди мисалга тартышкан.

XS
SM
MD
LG