Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

АКШ Кыргызстанды парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгышы менен куттуктады


Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули Вашингтондо, кечээ күнкү маалымат жыйында буларды айтты:

- Кошмо Штаттар Кыргызстандын элин жана өкмөтүн 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланышы менен куттуктайт. Кыргызстандын шайлоочулары бул тарыхый шайлоого жигердүү жана тартиптүү катышуу аркылуу алар өкмөтүн тынчтык жана демократиялык жол менен тандоого берилгенин көргөздү. Биз акыркы апталардагы кылдат иликтөөлөр бардык шайлоочулардын демократиялык укугун коргоону көздөгөнүн жогору баалайбыз. Биз жаңы парламент жана алдыдагы апталарда түзүлүүсү керек болгон жаңы өкмөт менен кызматташабыз деп ишенебиз.

Буга чейин парламенттик шайлоонун эртеси Кыргызстанды жана анын элин саясий өнөктүктү өткөрүп алышы менен АКШ президенти Барак Обама куттуктаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG