Америкалык маалымат каражаттары шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоо же экзит поллдор оппозициядагы Республикалык партия Конгресстин төмөнкү – Эл өкүлдөр палатасын көзөмөлдөө үчүн жетиштүү орунга ээ болгонун көргөзгөнүн жарыялады. Бул үчүн кеминде талап кылынган 218 мандатты алуу үчүн Республикалык партия демократтардын 39 ордун ээлеш керек болчу. Расмий жыйынтыкка жана экзит-поллдорго негизделген божомолдорго караганда, республикачылар Демократиялык партиянын 50дөн ашуун ордун жеңип алды. Аталган палатаны акыркы төрт жылдан бери президент Барак Обманын Демократиялык партиясы көзөмөлдөп келген эле. Сурамжылоолор Республикалык партиянын жогорку палата - Сенаттагы орундары алтыга көбөйгөнүн көргөзүүдө. Бирок демократтар бул палатада бир аз артыкчылыкты сактап калчудай. Республикалык партиянын Конгресстин бир палатасын көзөмөлгө алуусу президент Барак Обама үчүн бийликтиги азыркы мөөнөтүнүн алдыдагы эки жылында, саясатын ишке ашырууда, тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. 2-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында америкалыктар 435 орундан турган Эл өкүлдөр палатасынын толук курамын, 100 сенатордун 37син жана 37 штатта губернаторлорду шайлашты. Добуш берүү алдындагы сурамжылоолор америкалык шайлоочулар экономика жай оңолуп жатканына, жумушсуздукка нааразы экендигин ачыктаган.