Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Ош: декабрга чейин 1 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет


Бүгүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эки жарым айлык тыныгуудан кийин ишке чыгып, мэриянын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Анда жалпысынан эки маселе – кышка даярдык жана шаарды кайра куруу иштери талкууланды. М. Мырзакматов шаарды кайра куруу иштери канааттандыралык эмес экенин, кемчиликтер көп экенин билдирди. Маалыматка караганда, Ошто азыр беш көп кабаттуу үй курулуп жатат. Бирок 75 батирлүү бир гана үй декабрга чейин бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Түштүктө июнь коогасында жалпысынан 2 миңге чукул үй жабыркаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG