Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Түштүк Кореяга барчу мигранттар даярдоодон өтөт


Бүгүн Бишкекте Түштүк Кореяга барып иштөөнү каалаган эмгек мигранттарын даярдыктан өткөрүү боюнча иштелип чыккан атайын программанын ачылыш аземи болот. Аталган иш-чара Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрликтеринин өз ара кызматташуу тууралуу меморандумунун негизинде ишке ашууда. Кыргызстандык эмгек мигранттарын даярдыктан өткөрүү жана Кореяга жөнөтүү ишин Түштүк Корея өкмөтүнө караштуу “HRD Korea” мекемесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркаламакчы.

Иш-чара алкагында Корея өкмөтү Бишкектеги № 3 профессионалдык лицейдин жатаканасынын бир бөлүгүн 20 миң долларга оңдоп, Кыргызстандын алыскы аймактарынан келген эмгек мигранттарын жаткыруу, аларды корей тилине бекер окутуу иш-чарасын уюштурууда. Бул тууралуу “HRD Koreaнын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG