Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Орусия НАТОго Ооганстан боюнча жардам көргөзүүнү убада кылды


Ооганстан боюнча көбүрөөк жардам көргөзүү убадасын Орусия кечээ НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Москвада өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда берди, бирок кандайдыр бир конкреттүү милдеттеме алган жок. Расмуссен Москвада орус президенти Дмитрий Медведев, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Лавровдун айтымында, Орусия НАТО менен Ооганстан боюнча кызматташтыгын кеңейтет, анткени бул - окшош кызыкчылык. Мурдараак НАТО Орусияга Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүн тик учак менен камсыздоону, ооган учкучтарын окутууну сунуш кылган. Москвадагы сүйлөшүүлөр НАТОнун ушул айдын аягында Лиссабондо болуучу саммити алдында өттү. Ага орус президентинин да катышуусу күтүлүүдө. НАТО башкатчысы белгилегендей, бул саммит Орусия менен Түндүк Атлантикалык альянстын алакасынын жаңы башталышы болот.

XS
SM
MD
LG