Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Орусия Жапониянын талаш аралдар боюнча эскертүүсүн четке какты


Жапония Орусиянын лидерлери эки өлкө ортосунда талашка түшүп келе жаткан аралдарга барбаш керек деген эскертүүнү орус президенти Дмитрий Медведев ушул дүйшөмбүдө Кунашир аралына баргандан кийин жасаган эле. Кунашир - Орусия Түштүк Куриль, Жапония Түндүк аймактар деп атаган жердеги талаштуу төрт аралдын бири. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Курилдеги төрт арал Орусиянын жери экендигин дагы бир жолу белгилеп, Орусия президенти өлкөнүн кайсыл аймагына барыш керектиги боюнча “кимдир бирөөнүн кеңешине муктаж эмес”,-деп айтты. Куриль аралдарын СССР Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунан ээлеп алган. Жер талаштан улам Жапония менен Орусия согуштун аякташын документтештирген расмий келишимге азыркыга чейин кол койо албай келүүдө.

XS
SM
MD
LG