Германияда дарыгерлер тубаса сокурлуктан жапа тарткан адамдардын көрүүсүн калыбына келтирүүнү максат кылган көздүн тор кабыгынын имплантаты боюнча тажрыйбада ачылыш жасашканын кабарлашты. Бул изилдөө тууралуу жазган Британиянын Падышачыл Коому жаңы жабдыкты «визуалдык электрондук протез жаатындагы болуп көрбөгөн жылыш» деп мүнөздөдү. Көзүнө имплантат тагылган үч азиз адам ар кандай буюмдардын формасын таанып, бири үйдүн ичинде өзү басып, адамдарга жакындап келип, боз түстүн жети түрүн ажырата алган. Бул ачылыштын жардамы менен тор кабыктын пигментозасы деп аталган оорудан жабыркагандардын «көзү ачылышына» үмүт пайда болууда. Көздүн тор кабыгындагы жарыкты кабылдоочу рецепторлор бара-бара өз сапатын жоготкон бул оору менен дүйнөдө 200 миңдей адам жапа тартат.