Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Парламенттин алгачкы жыйыны кийинкиге жылдырылды


Эртеңкиге белгиленген Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын өкүлү Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, эртең парламенттин алгачкы отуруму болуп, депутаттарга мандат тапшыруу, ант берүү аземи болмок. Бирок шайлоого байланыштуу бир катар соттук териштирүүлөрдөн улам жыйын белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды.

10-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу Коомдук парламент, “Бүтүн Кыргызстан”, “Жашасын Кыргызстан”, “Акыйкат”, “Замандаш” партиялары сотко арыз менен кайрылышкан. Парламенттин алгачкы отуруму дал ушул соттук териштирүүлөргө байланыштуу жылдырылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG