Бүгүн Ноокенде “Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүү уланат. Анда Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов жана Сузактын акими Нурболот Мырзахмедовдор көрсөтмө беришет. Өткөн жолку сот процессинде айыпталуучулардын бири, мурун көп жыл аким болуп иштеген Усманжан Аблазов 12-13-июнь тополоң күндөрү Б. Асанов жана аким менен сүйлөшүп элди тынчтандырууга аракет жасап жүргөнүн айткан. Губернатор 1-ноябрда “Санпа” окуясынын жабырлануучулары менен жолугуп У. Аблазов менен 14-ноябрда гана сүйлөшкөнүн айтып, У. Аблазовдун андан мурунку күндөрү сүйлөштүм деп айткандарын четке кагып, сотто көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирген.
12-13-июнь күндөрү “Санпада” миңге чукул адам чогулуп Ош-Бишкек жолунда ары-бери өткөн жолоочуларга кол салышкан. Натыйжада 16 адам өлүп, экөө дайынсыз болууда. Бул иш боюнча 19 адам кармалып азыр соттолуп жатышат. (EBM)