Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Замандаш” партиясынын шайлоого байланыштуу арызын карап аны канааттандырган жок. Ушул эле сотто азыр “Акыйкат” партиясынын да арызы каралууда. “Замандаштын” юристи Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору менен аталган партиянын протоколдору дал келбеген шайлоо участкаларда добуштар кайра саналсын деген талап коюп жатышканын билдирген. Биринчи май райондук сотунда бүгүн түштөн кийин “Бүтүн Кыргызстан”, “Жашасын Кыргызстан” партияларынын жана “Мекен шейиттери” уюмунун шайлоого байланыштуу арыздары да каралганы жатат. (EBM)