Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

Коргоо министрлиги аскердик даярдык боюнча жыйын өткөрдү


Бишкектен анча алыс эмес Кой-Таш аскердик базасында 3-6-ноябрь күндөрү Куралдуу күчтөрдүн ыкчам жыйыны өттү. Анда жогорку аскердик жана мобилизациялык даярдыкты жакшыртуу, өздүк курамдын ыкчамдыгын жана аскердик даярдыкты сапаттуу уюштуруу сыяктуу маселелер талкууланды. Иш-чаранын алкагында терроризмге каршы күрөш боюнча машыгуу да өттү. Жыйындын соңку бөлүгүнө президент Роза Отунбаева катышып Коргоо министрлигине 2011-жыл үчүн жаңы тапшырмаларды койду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG