Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Оштон ажыга бара албай жаткандардын маселеси чечиле элек


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчи орун басары Канат Мурзахалилов “Азаттыкка” виза ачылбай ажылыкка бара албай жаткан Оштогу 41 адамдын маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча аталган комиссиянын өкүлдөрү Астанада болуп кайтышты. К. Мурзахалиловдун маалымдашынча, бул 41 адамдан сырткары азыр 4676 адам виза алды. Алардын 4300дөйү азыр Меккеге учуп барышты. "Бүгүн ажылардын акыркы тобу учат", дейт К. Мурзахалилов. Азыр Сауд Арабияда жүргөн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабынын жетекчиси Жусуп Балтабаев “Азаттыкка” Кыргызстандан учуп келген зыяратчылардын баары жатаканаларга жайгаштырылды деп билдирди. Быйыл Меккеге баруу үчүн Кыргызстанга 4,5 миң орун бөлүнгөн. Ажыга кете албай жаткан адамдар 30-октябрда Ошто митингге чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG