Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Ошто жер басып алуучулардын саны миңден ашты


Аймактык кабарчыбыздын маалымдашынча, Ош шаарынан анча алыс эмес Ишкеван жана Кызыл-Кыштык айылдарына тиешелүү үлүш жерлерди басып алгандардын саны азыр миңден ашты. Кечээ аларга “Ош шейиттери” уюмунун мүчөлөрү да кошулушкан. Чогулгандар басып алган жерлерин мыйзамдаштырып бермейинче кетпей турганын билдиришүүдө. Бүгүн алар менен жергиликтүү бийлик органдардын өкүлдөрү жолуга элек. Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбек Тезекбаев “Азаттыкка” жер басып алууларды мыйзамсыз деп атап, муну аймактагы абалды дестабилдештирүүнү каалаган күчтөр атайлап уюштуруп жатат деп билдирди.

Жергиликтүү бийлик үлүшкө тийген энчини басып алууга жол берилбестигин айтып түшүндүргөндөн кийин жер ээлери окуяга болуп жаткан аймакка келишкен жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG