Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Ошто милиция кармап кеткен аялдар бошотулду


Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев "Азаттыкка" жер басып алуу маалында милиция менен кагылыша кетип кармалган 36 аял бошотулганын билдирди. Анын айтымында, аларга каршы эч кандай күч колдонулган эмес жана түшүнүк кат жазгандан кийин коё берилген. Соңку маалымат боюнча, азыр Ош шаарынын жанындагы Ишкеван жана Кызыл-Кыштак айылдарына таандык жерди басып алуу үчүн чогулган беш жүздөй адам таркабай турат. Мындан мурдараак аларды милиция кызматкерлери айдоо аянттарынан күч менен сүрүп чыгарган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG