Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

АКШ Индия менен Пакистан ортосундагы көйгөйлөр боюнча чечимди таңуулай албайт


Президент Барак Обама бул тууралуу бүгүн Нью-Делиде, индия премьер- министри Манмохан Сингх менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында айтты. Ал белгилегендей, АКШ Индия –Пакистан ортосундагы Кашмир чатагы жана башка маселелер боюнча чечимди таңуулай албайт:

-Индия да, Пакистан да эки өлкө ортосундагы чыңалууну басаңдатууга кызыкдар. АКШ бул маселелер боюнча чечимди таңуулай албайт. Бирок премьер-министр Манмохан Сингхке бул чыңалууну төмөндөтүүдө тараптар жөндүү деп эсептеген кандай роль болбосун биз кубаныч менен аткарарыбызды ишара кылдым.

Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Кашмир үчүн үч ирет согушкан. Обама бүгүн Индиядагы сапарын аяктоодо. Азиядагы он күндүк сапарынын алкагында АКШ президенти Индонезияга, Түштүк Корея, Жапонияга барат. Түштүк Кореяда Чоң жыйырмалыктын, Жапонияда Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтөт.

XS
SM
MD
LG