Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Биринчи Май райондук соту “Бүтүн Кыргызстандын” арызын карайт


Райондук сот бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышынын мыйзамдуулугун териштирүү тууралуу өтүнүчүн карайт. БШК тарабынан Кыргызстандан чет жакта жайгашкан он беш чакты шайлоо бекеттериндеги добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы буга негизинен кошумча тизме аркылуу добуш берген шайлоочулардын добуш берүүгө чет мамлекетке чыгууга уруксат берген паспорт менен кое берилгенин себеп кылган. БШК жобосуна ылайык, шайлоочулар добуш берүүгө каттоодо турган жери көрсөтүлгөн ички паспорттор менен киргизилүүгө тийиш.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 10-октябрдагы шайлоодо 5% тоскоолду багындыра албаганы үчүн парламентке кое берилген эмес. Партия БШКнын бул чечимине нааразылыгын билдирип, шайлоочулардын 5% добушуна ээ болгонун бекемдеп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG