Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Апрель окуясынын жабырлануучулары акция уюштурат


Парламентке мурдагы президенттин тарапкерлеринин келүүсүнө каршылыгын билдирген нааразылык акциясы мурдагы Өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин азыркы имаратынын алдында болот. Акцияга “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылы кошулмакчы. Бул тууралуу “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөсү Турат Сагынбеков “Азаттыкка” билдирди.

Апрель окуясында жакындарынан ажырагандар буга чейин да парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, мурдагы президенттин тарапкерлерин парламентке келтирбөө талабы менен бир нече ирет нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. “Мекен шейиттери” кыймылы депутаттарды каттоону токтотуу тууралуу арыз менен сотко кайрылган, Биринчи Май райондук соту алардын өтүнүчүн четке каккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG