АКШ президенти Барак Обама Индонезияда мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Бүгүн америкалык президент Жакартада Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири "Истиклал" мечитине барат жана Индонезия университетинде сөз сүйлөйт. 2009-жылы Обама Египетте мусулмандар менен АКШ ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, бири бирин урматтоого чакырган. Ушул эле күнү АКШ лидери "Чоң жыйырманын" саммитине катышуу үчүн Түштүк Кореяга учуп кетет.