Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

УКМК: Шарктан курал-жарак катылган жай табылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айылындагы бир тургундун үйүнөн катылган курал-жарак табылганын билдирди. Аталган кызмат мындан мурдарак Өзгөн шаарында “Булбулча” деп аталган бала бакчадан ок атуучу курал-жарактар, ок-дары, жарылуучу заттар жана мык кагып колго жасалган бир топ жарактар табылганын маалымдаган. УКМКнын маалымат кызматынын билдиришинче, азыр табылган куралдар боюнча баллистикалык жана башка экспертизалар дайындалып, кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG