Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Мандат тапшыруу аземине “Ата Журттан” аз гана депутат катышууда


Кабарчыбыздын маалымдашынча, Жогорку Кеңеште депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшыруу аземине “Ата Журт” партиясынан 4-5 гана депутат катышууда. Партия лидерлери дээрлик жок. Отурумга катышып жаткандардын арасында Жылдыз Жолдошева жана мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева бар. Ж. Жолдошева кечээ “Азаттыкка” партия ичинде айрым талапкерлерге кысым болуп жатканын, бирок мындай кысымдарга карабай депутаттыктан баш тартпай турганын айткан. Партия лидерлеринен комментарий алууга азыр мүмкүн болбой жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG