Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов укук коргоочу 25-октябрдан бери тамак жей албай жатканынын улам дарыгерлерге көрсөтүү боюнча сотко өтүнүч келтирди. Судья анын өтүнүчүн азырынча ачык калтырды. Бүгүн Ноокенде Жалал-Абад облустук соту А. Аскаровдун доо арызын карап жатат. Анда жабырлануучулар жарыш сөзгө чыгып соттолуучулардын баарына бирдей жаза берүүнү, баарын өмүрүн акырына чейин абакка кесүүнү суранышты. Базар-Коргондо милиция кызматкеринин өлүмүнө алып келген кандуу окуяны калыбына келтирүү боюнча видео диск көрсөтүлдү. Анда милициянын өлүмүнө катышы бар деп көрсөтмө бергендер бүгүн сотто күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок.
А. Аскаров милиция кызматкерин өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Айрым укук коргоочулар райондук соттун мындай чечимин айыптап чыгышкан. (EBM)