Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

“Бүтүн Кыргызстандын” шайлоо боюнча арызын сот четке какты


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызын канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарды. Аталган партия парламентке жол ачкан 5 пайыз босогону кошумча тизмеси жок эсептөө талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген. Партия лидерлеринин бири Марат Кайыпов “Азаттыкка” эми Жогорку Сотко арызданышарын билдирди. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик шайлоодо 145 миңдей добуш топтогон. БШК алгач 5 пайыз босого 142 миңдин тегерегинде экенин маалымдап, андан соң кошумча тизменин негизинде 150 миңге көтөрүлгөнүн жарыялаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG