Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Президент коалиция түзүүнү социал-демократтарга тапшырды

Президент Роза Отунбаева коалициялык өкмөт түзүүнү Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракцияга тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Маалыматка караганда, азыр фракция ичинде коалициялык өкмөт боюнча кеп-кеңешүү жүрүп жатат. Бүгүн түштөн кийин парламентте “Ата-Мекен” фракциясы жабык жыйынга чогулат. Партия лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" анда фракциянын ички иши тууралуу маселелер талкууланат, деп билдирди. (EBM)
XS
SM
MD
LG