Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

КСДП коалиция түзө албай калса, мүмкүнчүлүк “Ата Мекенге” берилет


Бүгүн президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаевге коалициялык өкмөт түзүү боюнча мандат тапшырды. Мамлекет башчы аталган фракцияга мындай мүмкүнчүлүк берүү чечими парламенттеги бардык фракциялар менен макулдашылгандан кийин кабыл алынганын айтты. Президент ошондой эле мыйзам боюнча белгиленген 15 күндүн аралыгында өкмөт түзүп, ал тез аранын ичинде ишке кирерине ишеничин билдирди. Роза Отунбаева эгер социал-демократтардын коалиция түзүү аракеттеринен майнап чыкпай калса, мындай милдет кайра “Ата Мекен” партиясына жүктөлөрүн кошумчалады. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, А. Атамбаев өз кезегинде белгиленген мөөнөттүн ичинде өкмөт түзүүгө болгон аракетин жумшай турганын, экинчи мүмкүнчүлүк берүү үчүн “Ата Мекен” фракциясы туура тандалганын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG