Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Ош шаарында июнь коогасында айыпталгандардын соту жылды


Аймактагы кабарчыбыз Эрнист Нурматовдун маалымдашынча, Ош шаардык сотунда шаардагы Черемушка кичи районунда 2 адамды барымтага алган, уруп-сабап, денесине жаракат келтирди деп айыпталган 4 адамдын соту жабырлануучулардын келбей калганына байланыштуу 13-ноябрга жылды. Кармалгандарга массалык баш аламандык уюштурууга аралашкан, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн деген да айыптар тагылууда. Шаардагы Ош кичи районунда 13-июнда адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген дагы бир адамдын соту күбөлөрдүн аздыгынан 19-ноябрга калды.Ошто июнь окуяларына байланыштуу төрт миңден ашуун кылмыш иши козголуп, 268 адам кармалган, дагы миңден ашуун адамга издөө жарыяланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG