Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Нигерия менен Иран курал-жарак ишин иликтейт


Нигериянын Тышкы иштер министрлиги маалымдаганына караганда, Иран курал-жарак ташыган кеме боюнча ишти иликтөөдө кызматташууга убада берди. Кечээ тышкы мекеменин жетекчиси Одеин Ажумогобия Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүү өткөрдү. Моттаки Нигерияга бул окуяны талкуулоо үчүн атайын учуп барганы кабарланууда. Өткөн айда Нигериянын чалгындоо кызматы Лагос портунда 13 контейнерди колго түшүргөн. Аларда ракета аткыч, граната, башка жардыргыч заттар менен аммуниция табылган. Францияда жайгашкан жүк ташуучу компания ал контейнерлер Ирандан жүктөлгөнүн маалымдады. БУУнун санкциясы Ислам жумуриятына курал экспорттоого тыюу салат. Курал-жарак кайсы өлкөгө жиберилгени белгисиз.

XS
SM
MD
LG