Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Ноокенде "Санпа" окуясы боюнча сот башталды


Учурда айыпталып жаткандардын адвокаттары “Санпадагы” кандуу окуя боюнча өз жүйөлөрүн келтирип жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы сот жараянынан кабарлады. Бир аз убакыттан кийин соттолуучулардын өзүнө сөз берилмекчи.

Кечээки соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар соттолуп жаткан 18 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну, дагы бир соттолуучу, Сузактагы "Москва" колхозунун мурунку башкармасы Усманжан Аблязовдун үй-мүлкүн конфискациялап, жашы 60тан ашканына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесинин 5-пунктуна ылайык 25 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан. Жабырлануучулар болсо айыпталуучулардын баарына бирдей жаза берип, өмүрүнүн акырына чейин кесүүнү өтүнүшкөн.

13-июнда Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн унааларга кол салып, ок чыгарышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон. Бул окуя боюнча 19 кишиге айып тагылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG