Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Апрель окуялары боюнча айыпталгандардын айрымдары жардамга муктаж


Бул тууралуу Аскер жана тартип коргоо кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Комитет өкүлү Чынгыз Шаршебаев учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев медициналык жардамга муктаж болгонун айтты. "Калыев кант диабети менен ооругандыктан тез арада дарыланбаса бутунан ажырап калышы ыктымал",-деди Шаршебаев. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы штаб башчысы Данияр Дунганов жакында кайра операция болгон. Булардан сырткары 7-апрелде Ак үй алдында токмоктолгон, ок тийген милиция жана мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери да бар.

Апрель окуясы боюнча сот 17-ноябрга белгиленген. Сот Спорт ордосунда өтмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG