Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстанда Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгы өтөт


15-ноябрдан 21-ноябрга чейин өтө турган жумалыкка өлкөнүн бардык аймактарынан 2 миңге жакын киши катышат. Бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайдын студенттерине ийгиликтүү ишкерлик боюнча окуулар, семинарлар өтүп, дарстар окулат. Мындан сырткары Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда ишкерликке байланыштуу сынактар өтүп, элеттен келген жаштар кичи жана орто бизнес ачуунун жолдорун үйрөнүшөт. Жумалыктын соңунда Кыргызстандагы белгилүү ишкерлер ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшөт.

Аталган жумалыкты Борбор Азиядагы Эркин базар институту, Экономиканы жөнгө салуу министрлиги жана бир катар уюмдар, компаниялар уюштурууда.

Бул жылы Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгы 103 өлкөдө өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG