Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Ирак фракциялары өкмөттүн курамын аныктай баштады


Ирак парламентарийлери бүгүн сессиясында болочокку коалициялык өкмөттүн курамын талкуулашууда. Бейшемби күнү сунниттер колдогон “Иракия” блогу шиитердин лидери, эки мөөнөткө премьерликке калган Нури Маликинин тарапкерлерин жаңы келишимдин шартын бузду деп күнөөлөп, парламентке бойкот жарыялашкан. “Иракияга” сегиз айлык талаш-тартыштан соң жетишилген келишимге ылайык парламенттин төрагалыгы тийген. Мурдагы премьер-министр Аяд Аллави башындагы блок мартабалуу үч өкүлүнө - мурдакы президент Саддам Хусейндин БААС партиясы менен байланышы бар деген жүйөө менен - министрликке дайындалбай жатканына нааразы.

XS
SM
MD
LG