Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Карзай АКШ күчтөрүнүн түнкү жортуулуна каршы


Президент Хамид Карзай АКШлык аскерлер Ооганстандагы операцияларын, айрыкча, түнкү жортуулдарын токтотуусун каалаганын билдирди. Ооган прездентинин “Вашингтон Пост” гезитине айтышынча, аскердик түнкү иш-чаралар карапайым элдин талип козголоңчуларына кошулуп кетүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Карзай анын мындай сөзү жоочуларга каршы согуш аракетинде “колго түшүр-өлтүр” деген стратегияны тутунган делген АКШ генералы Дэвид Петреус менен араздаштырганын белгилейт. Генерал Петреус - Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн командачысы. “Вашингтон Посттун” жазышынча, АКШнын атайын күчтөрү соңку үч айда оогандардын үйлөрүнө жасалган түнкү жортуулда козголоңчулардын 368ин, анын ичинде бир катар лидерлерин жок кылган же туткунга алган.

XS
SM
MD
LG