Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Су Чжи дүйнөдөгү демократиячыл күчтөрдү ынтымакка үндөдү


Мьянма демократиячыл лидери Аунг Сан Су Чжи айым бардык өлкөлөрдүн демократиячыл күчтөрүн биримдикке чакырды. Бул ишемби күнү жети жылдык үй камагынан бошотулган Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреатынын эркиндикте жасаган алгачкы кайрылуусу.
65 жаштагы Су Чжи айым өмүрүнүн акыркы 21 жылынын 15 жылын Мьянмада (Бирмада) үй камагында же түрмөдө өткөрдү. Дүйнө лидерлери атажуртунун демократиялык өнүгүшү үчүн хунтага каршы ырааттуу күрөшкөн чыгаан аялды эркиндикке чыгышы менен куттукташты.

XS
SM
MD
LG