Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Обама жана Медведев СТАРТты талкуулашты


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Россия президенти Дмитрий Медведев менен кездешти. Эки лидер стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы СТАРТ келишимин талкуулашты. Жолугушуу Япониянын Йокогама шаарында аяктап жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу форумунан тыш убакта өттү.

Обама кездешүүдөн соң эки жакты ядролук куралдарын 30 процентке жакын кыскарттырчу жаңы келишимдин мааниси тууралуу мындай деди:

- Келишим НАТО - Россия кеңешинин кайра иштөөсүнө жана өз ара консултацияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Биз ошентип ортодогу чыңалууну төмөндөтүп, Европа алкагында коопсуздуктун түрдүү маселелери боюнча кызматташууну кеңейтебиз.


Жаңы келишимдин жактоочулары - СТАРТ ядролук куралдарды көзөмөлдөөнүн жаңы режимин түзөөрүн айтышат. СТАРТ келишимине быйыл апрелде кол колган. Бирок аны АКШ Сенаты алиге беките элек.

XS
SM
MD
LG