Бул туурасында “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макеш Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан кабарлоодо. Медалдардын жалпы жеңип алган саны боюнча 19 алтын, 7 күмүш, 2 коло медалы менен Кытай биринчи орунда, экинчи орунда Жапония жана үчүнчү орунда Түштүк Корея келатат. Ал эми Боробо Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан бир күмүш, эки коло медал алууга үлгүрсө, Казакстан үч коло медал ээси болду. Кытайдын Гуанжоу шаарында спорттун кырктан ашык түрү боюнча өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышып жатат. (ES)