Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

С. Абдукаримов: саламаттык жашоо деңгээлден көз каранды


Сабыржан Абдыкеримов, саламаттыкты сактоо министри.
Сабыржан Абдыкеримов, саламаттыкты сактоо министри.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдукаримов аталган тармактагы реформалар, улут саламаттыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда 15 жылдан бери эле саламаттык сактоо жаатында реформа жүрүп келатат. Ошол эле кезде саламаттык сактоо мекемелеринде узун-узун кезектерди көрөбүз. Бул улуттун саламаттыгынын күзгүсү эмеспи? Дегеле улуттун саламаттыгын кандай баалайсыз?

С. Абдукаримов: Жалпысынан позитвдүү эле бааласа болот. 15 жылдан бери биздин реформа жүрүп жатат. Реформанын жетишкендиктери да, кемчиликтери да бар. Жалпысынан алганда бир топ жакшы иштер бар, кээ бирлерин айтпаганда. Мына 26сында тогузунчу саммит өткөрөбүз. Бул саммит жылына эки жолу өтчү – май айында жана октябрь айларында. Май айында өзүңөргө белгилүү болгон окуялардан кийин телефон аркылуу кичинекей кыскача гана баяндама жасаганбыз.

“Манас таалими” программасы негизи 2010-жыл менен бүтүш керек болчу. Бул программанын беш компоненти бар. Ошол компоненттер боюнча жылына саммитте жыйынтыгын чыгарабыз, анан кийинки алты айга иш чараларды бекитебиз. Бул компонеттеринин айрымдары объективдүү жана субъективдүү себептерден улам аткарылбай калган иш чаралар бар болчу. Ошондуктан дагы бир жылга узартып жатабыз.

“Азаттык”: Улуттун саламаттыгы дегенде адамдардын өмүрүнүн узактыгы негизги көрсөткүч катары аталат – Кыргызстан бул жагынан артта турган мамлекеттердин арасында келатат. Ушундай тунук абасы, таза суусу бар өлкөдө адамдар салыштырмалуу кыска жашаганы кандай?

С. Абдукаримов: Буга көп тармак таасир этет. Улуттардын генетикалык фонду, айлана-чөйрө, адамдын өзүнүн жүрүм-туруму болот. Саламаттыкты сактоо тармагынан 10-15 эле пайыз көз каранды.

Мисалы азыр баңзаттарды колдонгондор, ичимдик ичкендер, тамеки чеккендер көбөйүп жатат.

Анан миграция маселеси да бар.

Кедей өлкөдө бай саламаттыкты сактоо тармагы болбойт. Биз ушунун баарын эске алышыбыз керек. Бүгүнкү жашоо-турмушубуз, тапкан кирешебиз, баарынын таасири бар. Биздин жашообуздун деңгээли төмөн болгондон кийин ал сөзсүз түрдө ден-соолукка таасир тийгизет.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG