Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Израил өкмөтү олуттуу аракеттерди жасоодо


Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги курулуштарды үч айга токтотуу тууралуу Вашингтондун сунушун кабинеттин жыйынында талкууга койгон премьер-министр Бинямин Нетаняхунун жекшемби күнкү кадамын АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ушундайча баалады. АКШ Израилге кандай жардамдарды убада кылганын Клинтон ачык айткан жок, бирок эки тарап менен тыгыз байланыш жасалып жатканын ырастады. Израил менен палестин автономиясынын ортосунда түзүлгөн азыркы туңгуюк абалды мамлекеттик катчы "кабыл алгылыксыз" деп атады. Палестин тарабы АКШнын демилгесин сынга алып, курулуштардын баары биротоло токтотулганда гана Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жанданта турганын айткан эле.

XS
SM
MD
LG