Чечен президенти Рамзан Кадыровдун мурдагы жан сакчысы Умар Исраиловдун өлүмүнө байланыштуу үч киши соттолууда. 27 жаштагы Исраилов былтыр жыл башында Чеченстандан Австрияга качып келген. Прокурорлор ал барымтага алуу мезгилинде каза тапкан деп эсептешет. Австриялык тергөөчүлөрдүн болжолунда, Кадыров өзүн сындап чыккан жан сакчысын өлтүрүүгө буйрук берген, бирок прокурорлор буга далил таба алышпагандыгын айтышууда.